Макалада улуттук
маданияттын бир түрү болгон “той” түшүнүгү аркылуу кыргыз элинин таанып билүүсү, көз карашы, этноменталдык өзгөчөлүгү ачып көрсөтүлөт.
Тил илиминде тил менен
маданияттын өз ара байланышы, тилди окуп-үйрөнүү аркылуу маданияттын формасын окуп-үйрөнүү маселелери негизги делип эсептелинет. Маданият – бул адамзаттын
коомдогу жетишкендиктеринин (акыл-ойдун, илим-билимдин ж.б.) жыйындысы. Ар бир
улут өз элинин маданиятын ар башкача чагылтат. Ал ошол элдин үрп-адатынан,
жашоо-турмуш маданиятынан, жүрүш-туруш, сүйлөө маданиятынан көрүнөт. Мисалы,
түрк элдеринин руханий маданиятында, башка дүйнө элдериндегидей эле, ар кандай
жакшылыктарда эл чакырылып, тамак-аш берилип, оюн-тамаша менен коштолуп
өткөрүлүүчү “той” каада-салты бар. Бул каада-салт байыртадан бери улуттук
маданияттын бир түрү катары өткөрүлүп келүүдө.
Бул макалада кыргыз
элинин улуттук маданиятынын бир түрү болгон “той” түшүнүгү өзүнчө концепт
катары алынып, когнитивдик лингвистиканын лингвомаданий ыкмасы менен талдоого
алынды. Концепт менталдык түшүнүк болгондуктан тил менен маданияттын байланышы
аркылуу изилденет жана изилдөөнүн жыйынтыгында тигил же бул элдин ой
жүгүртүүсү, таанып билүүсү, элестөөлөрү, моралдык-нравалык көз карашы, дүйнө
тууралуу маалыматтары ж.б. өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Когнитивдик лингвистиканын
максаты – изилдөөгө алынган концептти вербалдык форма аркылуу дээрлик толук
чагылдырып берүү.
Изилдөөбүздүн максаты да
кыргыз тилиндеги “той” концептинин универсалдык жана элдик жалпы жоболорго
негизделген этноменталдык өзгөчөлүгүн ачып көрсөтүү. Иликтөө ишибизде “той”
концептин чагылдырууга “катышкан” тилдик каражаттардын: сөздүктөрдөгү түшүндүрмөлөр,
“той” сөзүнүн этимологиясы, “той” сөзү катышкан тилдик бирдиктер, жакын
маанидеги сөздөр, паремиялар, фольклордук чыгармалар, көркөм адабий чыгармалар
ж.б. факт-материалдардын негизинде талдоо жөргүздүк. Жыйынтыгында кыргыз элинин
“той” түшүнүгүнүн улуттук мазмуну аныкталды. Алар төмөндөгүлөр: той – жакшылык; той – бата алуу; той –
каада-салт; той – байлык; той – оюн-зоок; той – ынтымак.
The interrelationship between language and culture and questions of learning language through learning culture are the key to this study. Culture is the the accumulation of the success (mind, science etc) of mankind in society. Each nation depicts its culture in different ways. It is reflected in customs, way of life, behave and the culture of speech. For example like any other people of the world in the culture of Turkic people there is a tradition called "Toy" where they invite guests to treat them and it is accompanied by different kind of entertainments.This custom is carried out from ancient time as one of the types of national culture. The concept "Toy" which is one of the types of national culture of Kyrgyz people is analysed by using lingvocultural method of cognitive linguistics. As the concept is mental understanding it is examined through the connection of culture and language. As a result of research features of this or that nation's thought, cognition, imagination andmorally moral views and information about the world will be shown. The goal of cognitive linguistics is to depict "concept" through a verbal form. The aim of the research is to openly show etnomental peculiarity of the concept "Toy" based on the universal and common rules in Kyrgyz language. Different phrases, definitions from the dictionaries, the etymology of the concept “Toi”, synonymous words and words which are close in the meaning were taken from different artwork to carry out this study.
Cognitive linguistics Linguoculturological method Concept Wedding Tradition Kindness Feast Fiesta Blessing Entertainment
Birincil Dil | Türkçe |
---|---|
Bölüm | Derleme |
Yazarlar | |
Yayımlanma Tarihi | 24 Nisan 2020 |
Gönderilme Tarihi | 29 Mart 2019 |
Yayımlandığı Sayı | Yıl 2020 Cilt: 9 Sayı: 2 |
MANAS Journal of Social Studies (MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi)